Кара Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүү системасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында өткөн республикалык сынакта Нарын облусунан катышкан тарбиячылар үчүнчү орунду камсыздашты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
“Жылдын мыкты тарбиячысы” номинациясы боюнча Ат-Башы районунун “Казыбек-Жеткинчек” бакчасынын тарбиячысы Айзада Мырзабекова, “Жылдын мыкты усулчусу” номинациясы боюнча Нарын шаарындагы №1 “Ата-Түрк” атындагы бала бакчанын усулчусу Үмүт Бегалиева 3-орунга ээ болушту.
“Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык сынагы тарбиячылар, методисттер, мамлекеттик тил мугалимдери, музыкалык жетекчилер арасында өткөрүлдү.