Жаңылыктар
Жумгалдын Лама айылында 86 миллион сомдук мектеп курулууда
Кыргызстан жаңылыктары
Жумгалдын Лама айылында 86 миллион сомдук мектеп курулууда

Нарындын Жумгал районунун Лама айылында 100 орундуу билим уянын курулушу башталды.

Долбоордун жалпы наркы 86 миллион сомду түзүп, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат. Окуу имараты эки кабаттуу болуп, заманбап техникалар менен жабдылат жана спорттук залы менен курулат. Курулуштун долбоору Жумгал райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан даярдалган. Учурда жер жумуштары бүткөрүлүп, пайдубалы түптөлүп жатат.

Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынан алынган маалыматка таянсак, деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктикте жайгашкан айылда Лама башталгыч мектеби 1968-жылы уюшулуп, 1990-жылы орто мектеп болуп ачылган.  Мектеп жалпы үч корпустан турат. Анын биринчи корпусу 1950-жылдары курулган. Экинчи корпусу 2001-жылы ашар жолу менен салынгандыктан, тиешелүү эрежелер сакталган эмес.

Дубалдары жарылып, полдору чирип, эшик-терезелеринин эскилиги жеткен жана чатырынан тамчы тамгандыктан 2017-жылы авариялык абалда деген корутунду берилген. Ал эми 2006-жылы курулган үчүнчү корпусунан дагы тамчы тамып, жыйындар залы, спорт залы жок, ашканасы талаптарга жооп бербегендиктен жаңы имарат куруу зарылдыгы чыккан.

Учурда аталган айылдагы 109 окуучу үчүнчү корпуста билим алышууда. Ал эми 1-2-корпусу бузулуп ордуна, жаңы мектеп түшүүдө.