Жаңылыктар
"Асман аба жолдорунун" учагы Баткенге алгачкы каттамын жасады
Кыргызстан жаңылыктары
"Асман аба жолдорунун" учагы Баткенге алгачкы каттамын жасады

4-октябрда Бишкек – Баткен багыты боюнча биринчи жолу учкан “Асман аба жолдору” мамлекеттик авиакомпаниясынын учагы Баткен шаарына конду.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учактын алгачкы каттамын Баткен облусунун башчысынын биринчи орун басары Маруфхан Тулаев баш болгон жергиликтүү жетекчилер салтанаттуу тосуп алышты.


Ички каттамдар боюнча учуп жаткан учак бүгүндөн тарта Баткен облусуна уча баштады. Жаңы учак менен Баткенге 80 жүргүнчү келди. Мындан ары бул учак жуманын шейшемби күнү Раззаков шаарына, бейшемби күнү Баткен шаарына каттайт.

Буга чейин “Асман аба жолдорунун” учагы Ош жана Талас шаарларына алгачкы каттамын жасаган.