Жаңылыктар
Бишкекте автобус сүзүп кеткен кыз каза тапты
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте автобус сүзүп кеткен кыз каза тапты

Ордо калаанын Чүй көчөсүндөгү жөө өтмөктө бүгүн, 7-октябрда эртең мененки саат ондор чамасында шаардык каттамдагы Zhong Tong үлгүсүндөгү автобустардын бири 18 жаштагы кызды сүзүп кеткен. Катуу жаракат алган кыз ооруканада өзүнө келе албай, түшкө жуук каза тапканын шаардык милициядан кабарлашты. Автобусту 60 жаштагы айдоочу башкарып бараткан.

Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп, автобус атайын токтоочу жайга киргизилди.

Расмий маалыматтарга караганда, Бишкекте быйылкы 8 айда эле автобустар кабылган 231 жол кырсыгы катталган. Шаарда күнүнө 1200дөй чоң автобус каттамга чыгат.