Бишкек шаарында 4 миң бош жумуш оруну бар. Бул тууралуу "Бош орундар жана кесиптер - 2024" жарманкесинде эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мухтарбек Баймурзаев белгиледи.
Бул жарманкеде жүздөн ашык алдыңкы компаниялар актуалдуу вакансияларды сунуштады. Ошону менен жарандарга жумуш табууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Кесиптик лицейлер жана окутуунун жеке провайдерлери борбор калаанын жашоочулары жана коноктору үчүн өздөрүнүн окутуу программаларын дагы тааныштырды.
Жарманке президент Садыр Жапаровдун адам потенциалын жогорулатуу жана иш менен камсыз кылуу боюнча активдүү чараларды киргизүү боюнча демилгесинин алкагында өттү. Мында жаштар жана мектеп бүтүрүүчүлөрү, ошондой эле каалоочулар кесипке багыт берүүчү тестирлөөдөн дагы өтүштү.
Иш чара Эмгек министрлиги Билим берүү жана илим министрлиги менен өнөктөштүктө жана ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы, "Инновациялык технологиялар жана билим берүү борбору" жана Кыргызстандагы DVV International`дын финансылык колдоосу менен өткөрүлдү