Жаңылыктар
Ажылыкка каттоо башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Ажылыкка каттоо башталды

Бүгүн  Кыргызстанда 2025-жылдагы ажылыкка бара тургандарды каттоо иштери башталганын муфтияттан кабарлашты.

Саат 11:00гө карата 3258 киши баштапкы 2 миң доллар төлөмдү жана кайтарымсыз 1200  сомун “Элдик банкка” төлөдү.

Белгиленгендей, 2025-жылы ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди өлкө боюнча бир тизмеге каттоо жүрүүдө. Жарандар муфтияттын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарына жана райондук хатибияттарына квитанциясын жана электрондук каттоого тиешелүү иш кагаздарды тапшыруусу зарыл. Талапкерлер баштапкы төлөмдөрдү аткарбай туруп электрондук базага каттала алышпайт.

Кыргызстанга  бөлүнгөн 6 миң квота толору менен банктын филиалдарындагы ажылыкка каттоо  токтотулат.