Жаңылыктар
Бир жуманын ичинде 188 айдоочу мас абалында унаа башкарганы аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Бир жуманын ичинде 188 айдоочу мас абалында унаа башкарганы аныкталды

Өлкөдө бир жуманын ичинде 19 миң 51 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.


30-сентябрдан тартып 6-октябрга чейин;

-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу- 509;

-Мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу -188;

-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу- 46;

-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар- 599;

-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3228;

-Авто ээнбаштык - 11;

-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 3 748;

-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 3;

-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 600 учур катталган.


Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1834 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.