Учурда кыргыз тарап Европа Биримдигинин “кара тизмесинен” чыгуу үчүн Эл аралык жарандык авиация уюму менен да, Европа Биримдигинин адистери менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Бул тууралуу УТРКнын “Ала-Тоо 24” каналына бүгүн Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов билдирди. Анын айтымында, былтыр жана быйыл дагы эл аралык аудит жүргүзүлүп, анын натыйжасы жакшы болду. Эми кыргыз тараптын “кара тизмеден” чыгууга жасаган жумуштарынын жыйынтыгы ноябрь айында каралат.
“Кара тизмеден” чыксак эң биринчи кезекте биздин жарандык авиацияга каражат салууну каалаган ири инвесторлор келе баштайт. Себеби Кыргызстанга таандык учактар дүйнөнүн бардык булуң-бурчуна, анын ичинде Европа Биримдигинин аймагына кирүүгө жол ачылат. Экинчиден, биздин авиакомпаниялар учактарды лизингге арзаныраак баада ала баштайт. Ошондой эле Европа Биримдигинин аймагына барууда билеттер арзандайт”, -дейт Данияр Бостонов.
Кыргызстандык авиакомпаниялар "Эл аралык нормаларга дал келбейт" деген негизде 2006-жылы Евробиримдиктин "кара тизмесине" кирген.