Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Москвада КМШ саммитине катышат
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров Москвада КМШ саммитине катышат

Президент Садыр Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышуу үчүн 7-октябрда Москвага жөнөп кеткенин Президенттик администрациянын маалымат кызматы кабарлады.

Кыргыз делегациясынын курамында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Кыргызстандын КМШ иштери боюнча улуттук координатору Адылбек Касымалиев, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов, КМШ Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү Улукбек Кармышаков бар.

Буга чейин расмий маалыматтарда 8-октябрда Орусияда КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өтөрү, анда Шериктештикке мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыгын кеңейтүүгө жана бекемдөөгө багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынары кабарланган.

КМШга мүчө мамлекет башчыларынын буга чейинки саммити былтыр 13-октябрда Бишкекте өткөн.