Жаңылыктар
Тазалыктын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду
Кыргызстан жаңылыктары
Тазалыктын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Бишкек шаарынын мэриясынын “Тазалык” муниципалдык ишканасында текшерүү жүргүзүлүп, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка караганда, ишкананын айрым кызматкерлери  7 млн 179 миң 498  сомду түзгөн 134,2 тонна күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз коротуп жибергени аныкталган.

Тактап айтканда, Тазалыктын жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы туруп, 2022-2024-жылдарда мыйзамсыз буйруктарды чыгарып, ишкананын айрым кызматчылары менен жеке автоунааларын кызматтык максатта пайдалануу жөнүндө формалдуу келишимдерди түзүп алышып, күйүүчү-майлоочу майларды өздөрүнүн жана башка кызматчылардын жеке кызыкчылыктарына колдонуп келишкен.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен шаардык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.