Жаңылыктар
Ала-Бука районунун билим берүү бөлүмүндө коррупциялык схема аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Ала-Бука районунун билим берүү бөлүмүндө коррупциялык схема аныкталды

Ала-Букада районунун билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери коррупциялык схемаларды уюштурганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.

Маалыматка караганда, алар өздөрүнүн ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, мектеп жана бала бакчалардын жетекчилеринин коркутуп-үркүтүү жолу менен мыйзамсыз акча чогултуу системасын уюштурушкандыгы аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Жалал-Абад областынын прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн УКМКнын Жалал-Абад областтык башкармалыгына өткөрүлүп берилди.