Кыш жакындаганы көмүр базарындагы соода да кызып баратат. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Кайрат Маматов УТРК сайтына билдиргенине караганда, көмүрдүн баасы азыр өлкөнүн ар кайсы аймагында ар кандай.
Көмүрдүн баасы Антимонополия кызматы менен биргеликте бекитилген. Аймактардагы баалар ар кандай болушу логистикага, жол киресине жараша. Маселен, Нарындын Жумгал районунда жайгашкан Кара-Кече кенинен чыккан көмүрдүн бир тоннасы 3100-3200 сомдон. Ал Балыкчыга келгенге чейин 4300, ал эми Бишкекке келгенде 5300 сом болот.
Эң кымбат көмүр Баткен облусунда. Ал жерде көмүрдүн максималдуу баасы тоннасына 8-9 миң сомго чейин чыгууда. Бул Сүлүктү көмүрүнүн баасы, анткени ал жогорку сапаттагы эң мыкты көмүр. Облус аймагындагы башка көмүр кендеринен чыккан "кара алтындын" баасы салыштырмалуу кыйла арзан.