10-октябрда Бишкектин бир катар аймагында ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Мэриядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, «Запад-2» суу алуучу жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Саат 9:00дөн түнкү 12ге чейин:
Ала-Арча суусу — темир жол — Жибек -Жолу пр. — Ж. Гвардия бульвары;
Ж. Гвардия бульвары — темир жол –Фрунзе көчөсү.– Манас проспектиси;
Д. Сяопин проспектиси — Ала-Арча суусу – Бөкөнбаев– Кулиев –
Москва –Фучик –Казаков көчөлөрүндө суу өчөт.