Жаңылыктар
Бишкек мэриясы накталай жол кирени көтөрүүнү сунуштады
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек мэриясы накталай жол кирени көтөрүүнү сунуштады

Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспорттогу накталай төлөм үчүн жол акысын эки эсе көтөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу мэрия бүгүн сайтына жарыялаган “Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө билдирүүдө” айтылат.

Шаар бийлиги муну элди электрондук төлөм системасын колдонууга кызыктыруу үчүн жасалып жаткан кадам катары түшүндүрүүдө. Бул сунуш ишке ашса накталай жол кире 40 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Эгер жол акы электрондук система аркылуу төлөнсө эч кандай өзгөрүү болбойт.

Учурда Бишкекте автобус менен троллейбуста жол кире накталай эмес түрдө 17 сом, накталай 20 сом. Айырма болгону 3 сом. Ордо калаада коомдук транспорттогу жол акы акыркы жолу быйыл жыл башында көтөрүлгөн.