Кыргызстанда азык-түлүктүн бир канча түрүнүн баасы кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла арзан. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Жээналы Орозбаев бүгүн Биринчи радионун түз эфирдеги “Жаңы багыт” уктуруусунда билдирди.
– Учурда 16 товарга мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Аларга буудай, ун, шекер, өсүмдүк майы, картошка, пияз, сабиз, уй менен кой эти, күйүүчү-майлоочу майлар (АИ-92) жана тоют кирет. Эң керектелүүчү азыктар катары буларга өкмөттүн токтому менен жөнгө салуу киргизилген. Былтыр нандын баасы 25 сомдон 30 сомго көтөрүлүп кеткенде жөнгө салуу киргизип, 90 күн бою кармадык. Учурда нандын баасы туруктуу. Жөнгө салуу алынып салынган. Эгер зарылчылык болсо кайра киргизүүгө мүмкүнчүлүк бар. Нандын баасы граммына жараша коюлган. Маселен, тандыр нанынын бир килограммы былтыр 100 сом деп коюлган. Ал эми өсүмдүк майынын баасына чектөө жок. Азыр эркин ташылып келинет жана баасы эркин коюлат. Бирок учурда баасы 130 сомдон ашкан жок. Материалдык резервдер фондунда 1 литри 100 сомдон болгон дагы өсүмдүк майлары бар.Уктурууга телефон аркылуу кайрылган Кара-Көл шаарынынын тургуну аталган шаарда нандын баасы 35 сомдон, 10 кг. ундун баасы 600 сомдон сатылып жатканын айтты.
Буга жооп кылган Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы биринчи сорттогу 1 кг. ундун орточо баасы Бишкекте 40 сомдон сатылып жатканын билдирди:
– Учурда биринчи сорттогу 1 килограмм ундун орточо баасы 40 сом. Матрезерв фондунда биз коюп берген баа 30 сомдон. Азырынча ундун баасына чектөө жок. Буларда тандап алуу мүмкүнчүлүгү бар. Матрезервде ошондой эле сапаттагы ундун баасы 30 сомдон сатылып жатат. Биринчи сорт гана жөнгө салуунун тизмесине кирген.