Жаңылыктар
Салык декларациясын тапшырбаган кызматкерлер 6 млн айыпка жыгылышты
Кыргызстан жаңылыктары
Салык декларациясын тапшырбаган кызматкерлер 6 млн айыпка жыгылышты

Салык декларациясын тапшырбаган жана туура эмес тапшырган кызматкерлер айыпка жыгылышты. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдайт.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын салык декларациясын бирдиктүү тапшырбаган, белгиленген мөөнөттү бузуу менен тапшырган жана туура эмес маалыматтарды көрсөткөн жалпы 2 511 кызматкер 6 млн. 40 миң сом айыпка жыгылды.

Материалдар сот органдарына кароо үчүн жиберилген. Натыйжада, айып пул түрүндөгү жаза тандалып алынган.

Ал эми, калган кызматкерлердин иши кароо стадиясында.