Бул тууралуу 9-октябрда “Биринчи радионун” түз эфиринде Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу башкармалыгынын жетекчиси Актан Турумбеков билдирди. Ал үйүн камсыздандыргандардын активдүүлүгү Бишкекте байкалып жатканын айтты.
Буга чейин борбор шаарда турак жайын камсыздандыруу бир пайыз болсо, азыр беш пайыздан ашты.
Ар бир турак жай шаар жеринде 1200 сомго, айылда 600 сомго камсызданырылат.