Жаңылыктар
Мамлекеттик мүлк агенттигинин кирешеси 10 эсе көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик мүлк агенттигинин кирешеси 10 эсе көбөйдү

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин өлкө казынасына салган кирешеси акыркы төрт жылда дээрилик 10 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу аталган мекеменин стратегиялык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Максат Жоробеков 9-октябрда “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. 

Анын айтымында, агенттиктин 2020-жылдагы кирешеси 2,8 млрд., 2023-жылы 23,8 млрд. болсо, соңку 9 айда эле 30,5 млрд сомду түздү. Мындай көрсөткүч мүлктү туура жана максаттуу башкаруу боюнча реформанын алкагында жетишилген.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик буга чейин фонд катары иштеп келсе, 2023-жылы өлкө башчынын жарлыгы менен Министрлер кабинетине караштуу агенттик болуп кайра түзүлгөн.