Жаңылыктар
Шаардык кеңештерге шайлоого 39 партия катышат
Кыргызстан жаңылыктары
Шаардык кеңештерге шайлоого 39 партия катышат

Шаардык кеңештерге шайлоого катышуу үчүн 39 партия талапкерлердин 188 тизмесин берди. Бул тууралуу бүгүн БШКдан билдиришти. Алар 33 шаардык кеңештеги депутаттык орундар үчүн ат салышат.

Сунушталган 188 тизмеде жалпысынан 5119 талапкер бар. Алардын 3281и эркек, 1838и аял талапкерлер. Башкача айтканда аялдар сунушталган талапкерлердин 35,91 пайызын түзөт. Бул 5119 талапкер шаардык кеңештердеги 993 орун үчүн таймашат.

39 партиядан “Ынтымак” Жалал-Абаддан башка калган 32, “Жаңы Кыргызстан” 30, “Ишеним” 15, “Адилет” 12, Социал-демократтар 11 шаардагы шайлоого катышат. “Таза Коом”, “Ордо”, “Милдет”, “Эл Аман” партиялары болгону 2 шаардык кеңештеги шайлоого гана катышат.

7-октябрда партияларга жергиликтүү кеңештердин депутаттыгы үчүн талапкерлердин тизмесин сунуштоо мөөнөтү аяктады. Талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоого 30 күн калганга чейин, 18-октябрга чейин аякташы керек. Кыргызстанда жергиликтүү жана шаардык кеңештер үчүн шайлоо 17-ноябрга белгиленген.