9-октябрь - Почта кызматкерлеринин эл аралык күнү. Буга байланыштуу Президент Садыр Жапаров өлкөнүн почта кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Мамлекет башчы Кыргыз Республикасынын почта кызматы кагазга кат жазып, же телеграмма жиберген учурлардан тартып, бүгүнкү заманбап санарип тейлөө кызматына, же электрондук коммерцияга чейин бүтүндөй бир доорду камтыган 145 жылдык узак жолду басып өткөнүн эске салды.
Президент өлкөнүн эгемендик жылдарында башка тармактардай эле почта кызматында дагы олуттуу өзгөрүүлөр башталганына токтолду. Алсак, Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк почта уюмунун толук укуктуу мүчөсү болуп, башка өлкөлөр менен эл аралык почта байланышын түзүүгө мүмкүндүк алган. Ошону менен катар почта кызматынын сапатын жогорулатуу жана анын кызмат көрсөтүү спектрин кеңейтүү жаатында бир топ иш-аракеттер жүзөгө ашкан. Өлкө башчысы өткөн жылы «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коому Бүткүл дүйнөлүк почта уюмуна мүчө өлкөлөрдүн арасында почтаны өнүктүрүү боюнча дүйнөлүк рейтингде 98-орундан 29-орунга көтөрүлгөнүнө да токтоло кеткен.
Президент куттуктоосунун соңунда ушул тапта «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коомунун электрондук сооданы кеңейтүүгө, логистикалык жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө, ошондой эле санарип дүйнөнүн керектөөлөрүнө ылайыкташтырылган почта кызматын жакшыртууга багытталган бир катар эл аралык долбоорлорду ишке киргизүү боюнча аракеттери да колдоого арзый турганын белгилеген.