Жаңылыктар
Али, Айлин жана Аманда. Ош шаарында үч эм төрөлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Али, Айлин жана Аманда. Ош шаарында үч эм төрөлдү

Ош шаарынын Жапалак айылынын 32 жаштагы жашоочусу Садирали кызы Чолпон үч эмди жарык дүйнөгө алып келди.

Ымыркайлардын экөө кыз, бирөө уул. Аларга Али, Айлин, Аманда деген ысымдар берилди.

Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров эне-баладан кабар алып, Ош шаарынын мэриясынын атынан сүйүнчү акчасын берди.

Чолпон Садирали кызы менен Азамат Мусаевдин үй-бүлөсүндө эми 5 баласы бар.