Жаңылыктар
Көмүр экспортунун көлөмү көбөйөт
Кыргызстан жаңылыктары
Көмүр экспортунун көлөмү көбөйөт

Учурда келишимге ылайык ленталык логистикалык борборлорду куруу аракети көрүлүп жатканын “Биринчи радионун” түз эфиринде “Кыргызкөмүр” мамлекеттик  ишканасынын  башкы директору  Кайрат Маматов билдирди.  Анын айтымында, Кыргызстанга  күз-кыш  мезгили үчүн 2,6 миллион тонна көмүр керектелет.  Ал эми жылына 4 миллион тоннадан ашык көмүр казылып алынууда.  Өндүрүлгөн көмүрдүн  70 пайызы майда көмүр. 

Мындай көмүрдү жергиликтүү тургундар албайт.  Алар негизинен Кытай, Өзбекстан өлкөлөрүнө экспорттолуп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин Өзбекстанга 286 миң тонна көмүр сатылган. Ал эми көмүр логистикалык борборлорунун курулушу менен экспорттун көлөмү көбөйөт. Бул борборлорду 2025-жылы ишке киргизүү пландалууда. 

Белгилей кетсек, өлкөдө жалпы 5,5 миллиард тонна көмүрдүн кору бар.