Жаңылыктар
Таласта үч күн, үч түн Манас айтылат
Кыргызстан жаңылыктары
Таласта үч күн, үч түн Манас айтылат

 10-октябрда Таласта Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы жана облустун 80 жылдыгына арналган "Урааным Манас" аталышындагы республикалык фестиваль  башталды. Фестивалдын ачылышы Улуттук "Манас Ордо" комплексинде өттү.

Ага республика аймагынан жалпы 20 манасчы келди. Алар үч күн, үч түн Манас айтышып, Айкөл Манас жердеген касиеттүү Талас жергесинде Манастап ураан чакырып, улуу мурасыбызды даңазалаганы жатат.

Фестивалдын ачылышына облус башычысы Эрмат Жумаев баштаган бийликтин жана чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.