Жаңылыктар
Жогорку Кеңеш Замирбек Базарбековдун арызын канааттандырды
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку Кеңеш Замирбек Базарбековдун арызын канааттандырды

Жогорку Кеңеш бүгүн Замирбек Базарбековдун Жогорку Соттун төрагасы кызматынан бошотуу жана өз каалоосу менен судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арызын көпчүлүк добуш менен канааттандырды. Замирбек Базарбеков өзү парламентке келген эмес.

ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев Базарбековдун билдирүүсү бар экенин, ал өз арызы менен кызматтан кетип жатканына байланыштуу "парламентке келүү максатсыз" экенин айтканын билдирди.

Замирбек Базарбеков бир күн мурда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, аны парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети карап, макул болгон.

Ушул эле күнү Судьялар кеңеши Базарбековдун арызын канаттандырып, өлкө башчысына аны Жогорку Соттун төрагасы кызматынан бошотуу жана судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуш жөнөткөн.

Жогорку Сот төрагалыгына кимдердин талапкерлиги сунушталып жатканы азырынча белгисиз.

Замирбек Базарбеков 2022-жылы февраль айында Жогорку Соттун төрагалыгына дайындалган эле, азыр ал 67 жашта.