Жаңылыктар
Бишкекте Жапон кино фестивалы өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте Жапон кино фестивалы  өттү

Улуттук тарых музейинде 5-6-октябрь күндөрү өткөн Жапон кино фестивалы өткөнүн бүгүн Жапониянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты. Бул иш-чара Жапония элчилиги тарабынан Жапон фонду жана Улуттук тарых музейи менен биргеликте жапон фильмдерин көрсөтүү программасынын алкагында уюштурулду. 

Фестивалдын ачылышына Жапониянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Года Хидэки мырза жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова айым катышып, саламдашуу сөзүн айтышты.

Тарых музейинде кино көрсөтүүнүн алдында жапон тилин үйрөнүп жаткан студенттер үчүн Кыргыз Улуттук университетинде, Кыргыз Мамлекеттик университетинде жана Бишкек Мамлекеттик университетинде алдын ала көрсөтүүлөр болду.

Фестивалда Жапон фондунун коллекциясынан жети заманбап жапон фильми жана ошондой эле Бишкек II эл аралык кинофестивалында атайын сыйлыкка ээ болгон жапон-кыргыз-казак тасмасы «Кичинекей самурай» көрсөтүлдү. Кыргыз режиссеру, тасмага тартылган актёр Актан Арым Кубат сахнада сөз сүйлөдү.

Өз сөзүндө элчи Года Жапон фондун жана Кыргыз Улуттук тарых музейин фестивалды уюштуруудагы кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, фестиваль келечекте Жапония менен Кыргызстандын ортосундагы достук, кызматташтык мамилелерин бекемдөөгө өбөлгө түзөрүнө үмүттөнөрүн билдирди.