Жаңылыктар
Нарын дарыясынын жээгине 17 миллион сомго аллея курулду
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын дарыясынын жээгине 17 миллион сомго аллея курулду

Нарын шаарынын Матен Сыдыков чөлкөмүнө, Нарын дарыясынын жээгин бойлой салынган аллея пайдаланууга берилди.

Аллея жергиликтүү бюджеттин эсебинен 17 миллион 200 миң сомго салынып, аянты 1860 кв. метрди түзөт. Долбоорго ылайык, Нарын шаарынын 64 аймагындагы жөө адамдар көпүрөсүнөн Шаркыратма аймагындагы жөө адамдар көпүрөсү бириктирилди. 

Гүл отургузулуучу жашыл аймактары менен бирге жалпы 875 метр узундуктагы тротуар салынып, суу жээги коопсуздандырылып тосулду. Мындан тышкары аймак жарыктандырылып эс алуучулар үчүн тийиштүү шарттар түзүлдү.