Жаңылыктар
Жумгалда уран казылган жерлерди рекультивациялоо уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Жумгалда уран казылган жерлерди рекультивациялоо уланууда

10-октябрда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев менен «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын башкы директорунун орун басары Николай Спасский Мин-Куш айылында болуп, уран казылган аймактарда жүрүп жаткан рекультивациялык иштердин жүрүшү менен таанышты.  



Мекеменин маалымат кызматы тараткан маалыматка караганда, ӨКМ рекультивациялык иштерди активдүү жүргүзүп, Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги (АЭЭА) тарабынан белгиленген эл аралык коопсуздук стандарттарын сактоодо.

“Учурда “Как” жана “Талды-Булак” калдык сактоочу жайларындагы иштер аяктады, ал эми “Туюк-Суу” калдык сактоочу жайындагы иштер соңуна чыгып калды. Биздин аракеттерибиз узак мөөнөттүү коопсуздукка жана экологиялык балансты калыбына келтирүүгө багытталган. Эң негизгиси, бардык иштер эл аралык талаптарга ылайык жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Николай Спасский жетишилген прогрессти жогору баалап, Россия тарап бул демилгелерди колдоону улантууга даяр экенин ырастаган.