Жаңылыктар
Таласта “Кылым карыткан кыргыз ала кийизи” фестивалы өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Таласта “Кылым карыткан кыргыз ала кийизи” фестивалы өтүүдө

11-октябрда Улуттук "Манас Ордо" комплексинде "Кылым карыткан кыргыз ала кийизи" фестивалы башталды. Ага өлкөнүн жети дубанынан келген көл өнөрчүлөр катышууда.Көргөзмөгө экологиялык таза жүндөн, кийизден жасалган буюмдар коюлду. Анын ачылыш аземине Талас облусунун жетекчиси Эрмат Жумаев баштаган бийлик өкүлдөрү катышты."Кылым карыткан кыргыз ала кийизи" фестивалы Кара Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана Талас облусунун 80 жылдык мааракесинин алкагында уюштурулууда.