Жаңылыктар
Бишкекте автобустагы жол акынын теңинен көбү накталай төлөнөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте  автобустагы жол акынын теңинен көбү накталай төлөнөт

Учурда автобустарда 40-50 пайыз гана накталай эмес төлөм жүргүзүлүп жатат. Бишкек мэриясы эми накталай төлөмдү азайтуу үчүн жол акыны көтөрүүнү көздөөдө.

Бул тууралуу шаардык бийликтин транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин орун басары Бакытбек Сарымсаков УТКРга билдирди. Анын айтымында, жол акыны көтөрүүнүн негизги максаты – жол кырсыктарын азайтуу жана накталай эмес төлөмдүн көлөмүн көбөйтүү. 

– Учурда жол акыны накталай төлөм менен жүргүзүүнү 40 сомго чейин көтөрүүнү пландап жатабыз. Накталай эмес төлөм азыр болгону 40-50% гана аткарылып жатат. Анын баасында эч кандай өзгөрүү болбойт, 17 сом боюнча калат. Пенсионерлер жана жеңилдик берилген катмар үчүн да төлөм өзгөрбөйт. Окуучулар үчүн да 360 сом боюнча калат. Болгону накталай эмес төлөмдүн көлөмүн көбөйтүү, жол кырсыктарын алдын-алуу үчүн накталай төлөмдү кымбаттатып жатабыз. Бул нерсе аргасыздыктан болуп жатат. Айрым айдоочулар да накталай төлөмдөн түшкөн сумманын бир бөлүгүн чөнтөгүнө салып кетип жатышат. Ошондо автобустардын бири-бири менен жарышуусу дагы азайат.

Бакытбек Сарымсаков маселе шаардык кеңештин кароосуна киргизилип жатканын, аны жаңы шайланып келген шаардык кеңеш карап, ырастама бериши керектигин кошумчалады. Бирок мэрияга ыйгарым укук берилсе, маселе ноябрда чечилип калышы мүмкүн. Эгер шаардык кеңештин токтому менен бекитиле турган болсо анда кийинки жылга калып калышы ыктымал.

Шаар бийлигинин өкүлдөрү бул маселеде башка өлкөлөрдүн да тажрыйбасы каралганын, маселен Казакстандын Алматы шаарында накталай төлөмдү эки эсе көтөрүү менен жол кырсыктары азайып, накталай эмес төлөмдүн өлчөмү 97% чейин өскөнүн да белгилешүүдө.

Ошол эле учурда коомчулукта накталай төлөмдүн көлөмү, айдоочуларга канча акча калары боюнча да суроолор көп.

Бишкек мэриясынын автотранспорт ишканасынын жетекчиси Талант Капаровдун айтымында, айдоочулардын бир күндүк планы автобустун каттамына, кайсы линияда жүргөнүнө жараша болот. Маселен эң азы 4000 сомдон башталып, эң көбү 9000 сомго чейин барат.