Жаңылыктар
АКШдагы бороондон жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок
Кыргызстан жаңылыктары
АКШдагы бороондон жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Тышкы иштер министрлиги 9-октябрда АКШнын Флорида штатында болгон “Милтон” аттуу күчтүү бороондон жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок экендигин билдирди.

Маалыматтар боюнча, аталган штатта Кыргызстандын 100дөн ашуун жараны жашайт. Кыргызстандын АКШдагы элчилиги кырдаал боюнча ыкчам чара көрүү үчүн кыргыз жарандары жана жергиликтүү бийлик менен иш алып барууда.

АКШдагы “Милтон” бороону кеминде 16 адамдын өмүрүн алып, 3 миллиондой тургун электр жарыгы жок калды. Бороон айрыкча штаттын чыгыш бөлүгүнө олуттуу зыян келтирген.