Жаңылыктар
32 жолу сынак тапшырып, 33-жолкусунда айдоочулук күбөлүк алган “рекордсмен”
Кыргызстан жаңылыктары
32 жолу сынак тапшырып, 33-жолкусунда айдоочулук күбөлүк алган “рекордсмен”

«Унаа» транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бакытбек Шералиев Биринчи радиодогу маегинде айдоочулук күбөлүк алуу үчүн 32 жолу экзмамен тапшырган Кыргызстандагы “рекордсмен” тууралуу мисалдата кеп салып берди.

Анын айтымында, айдоочулук күбөлүк алуу үчүн 32 жолу экзамен тапшырган жаран 33-жолкусунда гана сынактан өткөн.

«Атын атай албайм. Бирок ал бүгүнкү күндүн “рекордсмени”, 32 жолу сынактан кулап, 33-жолу гана ийгиликтүү өтүптүр. Биз системаны талдадык, ага бир да жолу окшош суроолор түшпөптүр. Системада 700дөн ашуун суроолор бар, улам кийинки баскычта башка суроо алмашып турат», — деди Шералиев.

Бакытбек Шералиев мурда сынактан кулаган жаран 10 күндөн кийин кайра тапшыра алса, азыр 3 күндөн кийин эле сынакка кире аларын кошумчалады.