Жаңылыктар
Президент шаардыктарды коомдук транспортто накталай эмес төлөм жүргүзүүгө чакырды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент шаардыктарды коомдук транспортто накталай эмес төлөм жүргүзүүгө чакырды

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Бишкек шаарынын тургундарына кайрылып, коомдук транспортто накталай эмес төлөм жүргүзүүгө чакырды. 

"Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары! Карточка алып коюу ушунчалык оорбу силерге? “Тулпар” же башка карта менен төлөгөндөргө жол кире көтөрүлбөйт. Накталай эмес төлөм аркылуу – “Тулпар” картасы, электрондук капчыктар, банк карталары аркылуу төлөм жүргүзүүдө тариф 17 сом бойдон калат. Азыр накталай төлөм – 20 сом. Ал эми карта мненен төлөм - 17 сом.

Накталай төлөмдөр канча түшүп жатканын эч ким билбейт. Ток этээр жерин айтканда айдоочунун чөнтөгүнө кетет. Ошондуктан ар бир шаардык жаран карта алгыла да 17 сомдон накталай эмес төлөгүлө. Эң жок дегенде ушундай жол менен болсо да уурулукту, коррупцияны жок кылганга жардам берсеңиздер болбойбу. Накталай эмес төлөгөндө гана ошол акчалардын баары автобазанын эсебине келип түшөт дагы автобустарды тейлөө, оңдоо иштерине жумшалат.

Накталай төлөгөндүн дагы бир кемчилиги айдоочуга тоскоолдук жаралып жатканын өзүңүздөр деле байкап-көрүп жатасыздар. Айдоочулар жолду карабай, жарышып, кырсыктарга кабылган учурлар да жок эмес. Накталай төлөм алуунун айынан жол кыймылынын эрежесин дагы бузуп келишет. Жаңы автобустардын кырсыкка учурашы чыгымдарды гана алып келбестен, жүргүнчүлөрдүн ден соолугуна да таасир тийгизип, өмүрүнө коркунуч жаратып жатат. Айдоочу ар нерсеге алагды болбой, сак болуп, жолду гана карашы керек.

Мэрия бул маселени чечүү үчүн накталай төлөмдү көтөрүү сунушун коомдук талкууга койду. Чоңдор үчүн айына 1020 сомдук стандарттуу чексиз жол жүрүү билеттерин алса болот. 1020 сомду төлөп коюп, айына канча жолу болсо, ошончо жолу күнү-түнү дебей автобустарда жүрө берсеңиздер болот.

Мектеп окуучулары болсо айына болгону 360 сомго жол билеттерин (чексиз, лимити жок) сатып ала алышат. Шаар ичинде бир ай бою каалашынча жүрө алышат. Пенсионерлер өз райондорундагы акимиаттардан аталган карточкаларды акысыз ала алышат. Болгону Бишкекте катталуусу болушу керек. Кадимки “Тулпар” карталарын О!, Megacom, Beeline уюлдук операторлорунун кеңселеринен, «Кыргыз почтасы» филиалдарынан, «Тулпар» тейлөө борборлорунан, ошондой эле троллейбус менен автобустун айдоочуларынан сатып алса болот.

Ошону менен бирге, эгерде жүргүнчү накталай эмес төлөм төлөп, бир жарым саат ичинде (90 мүнөт) 2-3 жолу коомдук транспорт алмаштырса (пересадка), бир эле жолу жол кире төлөө механизми да иштелип жатат (жакын арада карточканын бул түрү дагы сатыкка чыгат).

Ошондуктан тез арада карточка алгыла. Эгер дагы деле карточкага өтпөй накталай төлөм улана берсе албетте мэрия накталай төлөмдүн баасын айласыз көтөрөт," - деп кайрылуусун жыйынтыктаган президент Садыр Жапаров.