Жаңылыктар
Садыр Жапаров Түркмөнстанда эл аралык форумга катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров Түркмөнстанда эл аралык форумга катышты

Түркмөнстандын борборунда улуу ойчул Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган эл аралык форум өттү. Ага катышуу үчүн Ашхабадга ондон ашык өлкөнүн лидерлери чогулду.

Түркмөнстандын борбору Ашхабад ушул күндөрү дүйнөнүн көңүл борборунда турат. Ондон ашуун өлкөнүн лидерлери, Түрк Кеңеши, ШКУ, КМШ жана ЮНЕСКО сыяктуу абройлуу уюмдардын башчылары бир аянтка чогулду. Түркмөн элинде Махтумкули Фрагинин 300 жылдык мааракеси дал ушундай ири масштабда белгиленүүдө. Фраги түркмөн адабий тилинин негиздөөчүсү. Өзүнүн чыгармачылыгы аркылуу поэзиядагы оозеки тилдин ролун өнүктүргөн.

Бул форумда сөз сүйлөгөн Президент Садыр Жапаров сөзүн улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Махтумкули жөнүндөгү пикири менен баштады.

“Мен бүгүн сүйлөй турган сөзүмдү кыргыз элинин улуу жазуучусу жана ойчулу Чыңгыз Айтматовдун Махтумкули Фрагинин чыгармачылыгы жөнүндө айткан төмөнкү сөзү менен баштагым келип турат: “...Акын Махтумкулинин сөздөрүнүн биздин күнгө жеткени – бул түркмөн элинин эрдиги. Махтумкули түркмөндөрдүн жүрөгүндө сакталып келген. Дүйнө кезген бакшы-дервиштердин оозунда, чоң-кичине жолдордо, базарлар менен кербен сарайларда, боз үйлөр менен чабандардын очогунда айтылып келген. Акындын саптары менен жоого аттанып, өлүмгө да тике карашкан. Махтумкулинин ырлары жарык дүйнөгө келген ымыркайды тосуп алып, ал дүйнөдөн кайтканда да боздоп узаткан...”.

Президент Садыр Жапаров сөзүндө Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгы жөн гана маараке эмес, келечек муундардын алдындагы жалпы жоопкерчиликти эскерте турган иш-чара экенин да белгиледи. Форумдун катышуучулары Махтумкули Фрагинин эстелигине гүл чамбар коюшту.



Президент Садыр Жапаров бул иш сапарынын алкагында Ашхабад шаарында Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен да жолугушуп, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү, ошондой эле соода, энергетика, транспорт жана логистика сыяктуу тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашты.

Гурбангулы Бердымухамедов Садыр Жапаров менен жылуу учурашып, түркмөн акыны жана ойчулу Махтумкули Фрагинин 300 жылдык мааракесине арналган “Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы — тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи” аттуу эл аралык форумуна катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Түркмөнстан Кыргызстан менен кызматташтыкты жогору баалаарын баса белгилеп, эки тараптуу күн тартибиндеги негизги маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү активдештирүү зарылдыгын айтты.

Президент Садыр Жапаров өз кезегинде Кыргызстан Түркмөнстан менен терең маданий жана тарыхый байланыштарга таянып, товар жүгүртүүнү көбөйтүү жана биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конкреттүү кадамдарды талкуулоого даяр экенин белгиледи.

Бул контекстте мамлекет башчысы регионалдык интеграцияны жакшыртуу жана товар жүгүртүүнү көбөйтүү үчүн энергетика тармагындагы кызматташтыкка жана өлкөлөр ортосунда жаңы транспорттук коридорлорду түзүүгө көңүл бурууну сунуштады.

Муну менен катар тараптар маданий кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин да талкуулашты жана бүгүнкү жолугушуу Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы боордоштук мамилелерди тереңдетүүнүн кезектеги кадамы болот деген ишенимин билдиришти.

Жолугушуунун аягында президент Садыр Жапаров Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовго Махтумкули Фрагинин тандалма чыгармаларынын кыргыз тилиндеги китебин тартуу кылды.