Жаңылыктар
Кут уюган Таласта чоң салтанат
Кыргызстан жаңылыктары
Кут уюган Таласта чоң салтанат

Бүгүн, 12-октябрь Талас облусунда зор салтанат. Талас облусунун 80 жылдык мааракеси, Кара кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленип жатат.

Мааракенин алкагында Салбуурун оюндары өткөрүлүп, алгыр куш жана тайган салуу, жаа атуу оюндары менен коштолууда.

Ошондой эле кыз жигиттин "Сармерден" оюну өтүп жатат.

Мындан сырткары айыл чарба азыктарынын жарманкеси да коюлган. Жарманкеге Талас облусунда өндүрүлгөн азыктар коюлду.

Ошондой эле эл аралык "Айтыш" кароо-сынагы да өтөт.