Жаңылыктар
Ашууларда кар жаап жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Ашууларда кар жаап жатат

Бишкек-Ош унаа жолунун Ала-Бел жана Төө-Ашууда кар жаап жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирет.

Маалыматка караганды, жолдорду кардан тазалоо иштери жүрүүдө. Учурда жол ачык, унаалардын кыймылына чектөө жок.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.