Жаңылыктар
Кыргызстанда жыл сайын рак оорусунун 5 миңдей жаңы учуру катталат
Ден соолук
Кыргызстанда жыл сайын рак оорусунун 5 миңдей  жаңы  учуру катталат

Бүгүн рак оорусуна каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Кыргызстанда жыл  сайын бул оорунун 5 миңдей  жаңы  учуру катталат.  Алардын көпчүлүгү акыркы стадияларында  кайрылышат.  Мындай ооруларга  паллиативдик жардам көрсөтүлөт. Деген менен  медициналык кызмат көрсөтүүнүн бул түрү дары-дармек менен камсыздалбай келет. Андыктан, паллиативдик жардам көрсөтүүнү  “Калкка  онкологиялык жардам көрсөтүү”  жөнүндөгү мыйзамга киргизүү жагы  демилгеленип, ал   Жогорку Кеңеште добуш берүүгө жолдонду.

Кошумчалай кетсек, 4 –февраль рак оорусуна каршы күрөшүүнүн  бүткүл дүйнөлүк күнү. Жыл сайын  өлкөдө  рак дартынынын жаңы  5 миңден ашык учуру катталат. Онкология  борбору бул  күнгө карата “ачык эшиктер” күнүн өткөрүүнү пландаштырууда.