Жаңылыктар
Бүгүн өлкө боюнча 45 объект ачылды (видео)
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн өлкө боюнча 45 объект ачылды (видео)

Учурда өлкө аймагында 45 жаңы объекттин ачылыш аземи жүрүп жатат. Алардын ачылышына Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров онлайн байланышта старт берди. 

45 объекттин 25и Баткен облусунда ачылды. Алар: 4 административдик имарат, 4 кызматтык турак үй, 3 тигүүчү цех, 3 эс алуучу парк, 3 спорт зал, 2 мектеп, 2 бала бакча, 2 логистикалык борбор, 1 лаборатория, 1 ишкана. 

Ош облусунда 10 объект ачылды: 3 өнөр жай, 7 социалдык объект. Алардын ичинде: 3 балдар бакчасы, 2 мектеп, 2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, 2 тигүүчү цех жана 1 көмүрдү кайра иштетүүчү ишкана. 

Ысык-Көл облусу боюнча 4 объект: Лесное айылындагы (Теплоключенка) кичи ГЭС, Жаңы-Арык айылындагы курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана, Балыкчы шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу жайдын курулушу жана Түп айылындагы райондук жалпы дарыгердик практика борбору. 

Нарын облусунда 3 объект: Төш-Булак, Орук-Там, Ак-Кыя жана Орто-Саз, Жаңы-Жол айылдарындагы таза суу системасы. Эчки-Башы айылындагы ФАП. 

Жалал-Абад облусунда 2 обьект: Жазгак айылындагы № 34 Жазгак жалпы билим берүүчү мектебинин спорт залы жана Арстанбап айылындагы №50 мектепке чейинки билим берүү уюму. 

Талас облусунда 1 объект: Акназаров айыл аймагындагы Кызыл-Жар жана Жалпак-Тил каналы.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул ачылган объектилер Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына карата пайдаланууга берилип жаткан 100 объекттин уландысы экенин, республика боюнча курулуп жаткан бардык объекттер өлкө башчынын жетекчилиги астында ишке ашып жатканын билдирди.