Жаңылыктар
Кумтөрдөн 9 айда 8 тоннага жакын алтын өндүрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Кумтөрдөн 9 айда 8 тоннага жакын алтын өндүрүлдү

Кумтөрдөн 9 айда 7 тонна 960 кг алтын өндүрүлдү. Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компани» билдирет.

Маалыматка караганда, 9 айда «Кумтөр Голд Компани» тарабынан 7 тонна 960 килограмм алтын өндүрүлгөн, бул белгиленген пландан 81 килограммга көп.

Компаниянын жалпы кирешеси 579,8 миллион долларды түзүп, пландагы 463,4 миллион доллардан бир кыйла ашты.

Ал эми таза киреше 216.6 миллион долларга жетип, коюлган пландагы 87,9 миллион доллардан бир топ жогору болду.

Мындан тышкары, Кумтөр мамлекет алдындагы милдеттенмелерин так аткаруу менен салык жана башка төлөмдөр түрүндө өлкө бюджетине 10 млрд 37 млн сом төктү.