Жаңылыктар
Өлкөнүн айрым облустарында үшүк жүрөт
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөнүн айрым облустарында үшүк жүрөт

15-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргзгидромет билдирет.

Ал эми 16-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы күтүлөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы, түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын абдан катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши мүмкүн.

17-октябрда Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Республиканын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт.

Ал эми 16-17-октябрларда абанын температурасы мындан ары төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 3…8°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3 сууктан …+2° жылуулука чейин, күндүз 3…8°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 3…8°, күндүз 10…15°, тоо этектеринде түнкүсүн -4 сууктан …+1° жылуулука чейин, күндүз 1…6°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…5°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1 сууктан …+4° жылуулука чейин, күндүз 3…8°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -4 сууктан …+1° жылуулука чейин, күндүз 2…7°, республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -1…-6°, күндүз 0…5°, бийик тоолордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз -3…-8° төмөндөйт.

17-18-октябрларда түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун өрөөндөрүндө жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк мөмө жана жашылча-жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошкага зыянын тийгизет.