Жаңылыктар
Нарында баатыр энелерге арналган китептин бет ачары өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында баатыр энелерге арналган китептин бет ачары өттү

Теңиртоолук баатыр энелерге арналган “Теңир-Тоонун баатыр энелери” деп аталган китеп жарыкка чыкты.

Китеп миң нускада басылып, анда баатыр энелердин өмүр баяны жана басып өткөн жолу кыскача баяндалган. Нарын облусундагы баатыр энелерге арналган алгачкы басылманын түзүүчүсү жаш журналист Алия Калыбекова. Китептин баш сөзүн Жогорку Кеңештин депутаты, акын Мирлан Самыйкожо жазган.

13-октябрда Нарын облустук академиялык дарама театрында китептин бет ачары өтүп, баатыр энелер үчүн майрамдык салтанат уюштурулду. Ага дубандын бардык район, айылдарынан келген 300гө чукул баатыр энелер жана ЖК депутаты Мирлан Самыйкожо катышты.

Салтанатта  эл өкүлү эненин жүрөгүндөй жүрөк, тилегиндей тилек жок экенин, аталуу бала  менен баталуу бала келечекте чоң эмгек, ийгилик жарата алаарын айтып, анда апалардын эмгеги зор экенин баса белгиледи.

“Дүйнөнүн жылуулугун, мээримин, улуулугун кармап турган энелерге миң таазим! Энелердин эмгеги бааланса, энелер тарыхта калса экен деген максаттарыбыз чоң. Ар бир апанын басып өткөн жолу ошол үй-бүлөнүн тарыхы. Энелердин жүзүндөгү ар бир бырышы, чачындагы агы уктабай уул-кыз тарбиялап коомго кошкон баа жеткис эмгегинен кабар берет. Бул китеп ар бир эненин небере, чөбөрөлөрү үчүн тарых болот. Ар бириңиздердин эмгегиңиздер даңкталып китеп бетинде, тарыхта калууга татыктуусуздар. 

Энелердин жаратмандыгын, ишин, коомго кошкон салымын, уз-чеберчилигин дагы китеп кылып жарыялоо керек. Түн уйкусунан калып бала тарбиялаган энелерге канча эмгек кылсак дагы аздык кылат. Андыктан Советтер Союзу мезгилинен баштап коомго салым кошкон бардык энелердин эмгеги бааланышы зарыл.

Мамлекет эли менен мамлекет. Ошол элдүүлүккө эл, нарк, салт кошуп жаткан энелердин эмгеги ар дайым  даңкталышы керек. Сиздер жок үй мээримсиз. Ар бир үйдүн  жаркыраган шамы болуңуздар, өлкөбүздө баатыр энелер көбөйө берсин!”,-деди Мирлан Самыйкожо.

Китепке көзү тирүү жана бул дүйнөдөн  көзү өтүп кеткен 3 миң баатыр эне тууралуу маалымат кирген. Китептин экинчи бөлүгү дагы басылып чыгат. Ошондой эле апалардын  эмгектери, жаратмандыгы, облустун өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу кеңири баяндалган китеп чыгаруу мерчемделип жатат.

Иш-чара театр өнөрпоздорунун, райондордон келген "Шайыр апалар" топторунун концерттик программасы менен коштолуп, соңунда апаларга гүл белек кылынды.