Жаңылыктар
Нарында дагы үч объект пайдаланууга берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында дагы үч объект пайдаланууга берилди

14-октябрда өлкө боюнча пайдаланууга берилген 45 объекттин үчөө Нарын облусунда ачылды. 

Алардын бири Кочкор районунун Ормон-Хан айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жол айылына тартылган таза суу тутуму. Ага республикалык бюджеттен 46 миллион 149 миң сом сарпталган. 

Ошондой эле  Нарын районунун Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Саз айылында дагы таза суу системасы курулган. Курулма Азия Өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосунда 28 миллион  298 миң 304 сомго бүткөн.

Ал эми Эчки-Башы айылындагы Он-Арча фельдшердик акушердик пункт (ФАП) 5 миллион 200 миң сомго салынды. Долбоор  АРИСтин “Айылдарды инвестициялоо" долбоору тарабынан  каржыланган. Жалпы нарктын  502 миң сому Миң-Булак айыл өкмөтүнүн өздүк салымы.