Жаңылыктар
Бишкекте автобус айдоочулары 120 миң сомго чейин айлык алат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте автобус айдоочулары 120 миң сомго чейин айлык алат

Бишкекте автобус айдаган айдоочулар мурда 30 миң сомдун тегерегинде айлык алып келсе, азыркы тапта жакшы иштеген айдоочулар 120 миң, күнүмдүк планды аткаргандар 55 миң сомго чейин айлык алып жатат.

Бул тууралуу бүгүн Бишкек мэриясынын автотранспорт ишканасынын жетекчиси Талант Капаров Биринчи радионун түз эфирдеги “Шак жүрүш” уктуруусунда билдирди.

“Азыркы күндө айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Кээ бир айдоочуларды колго чаап, каттамдан түшкөн каражат мамлекеттин казынасына түшсүн деп жатабыз. Арасында түшүнгөнү, түшүнбөгөнү да бар. Баары эле келип планга такалып жатат. Аларга план сөссүз коюлат. Союз маалынан тартып эле ушундай план коюлуп келген. Биз ушул план дегенди жок кылалы деп жатабыз. Айдоочу бир сом кармабасын. Дегеним, айрым айдоочулар каттамдан түшкөн акчаны өз кызыкчылыгына иштетип жатат. Буга чейин айдоочулар 30 миң сомдун тегерегинде айлык алган болсо, азыркы тапта жакшы иштеген айдоочулар 120 миң, балансты аткаргандары 55 миң сомго чейин айлык алып жатат. Эки эсе айлыгын көбөйтүп бердик. Эми айлыкты көбөйтүп бергенден кийин каттамдан түшкөн акча казынага түшүшү керек да. Мындайча айтканда чөнтөккө кол салып эле, мамлекеттин акчасын сууруп алгандай болуп жатпайбы. Булардын оюна койсок, планды алып салып, шартты түзүп берип, анан автобусту талкалап барып-келип жүрө берсек дешет да. Эмне маселе болсо эле планга такашат”, - деди Талант Капаров.

Шаар бийлигинин өкүлү ошондой эле жол кире накталай эмес төлөмдө 17 сом бойдон эле калып жатканын, айрымдар маалыматты бурмалап чыгарып жатканын кошумчалады.

Буга чейин айдоочулардын бир күндүк планы автобустун каттамына, кайсы линияда жүргөнүнө жараша болору, маселен эң азы 4000 сомдон башталып, эң көбү 9000 сомго чейин барары айтылган.

Азыркы күндө Бишкек шаарында 1376 чоң автобус бар. Анын ичинен күнүнө 1200 автобус каттамга чыгат.