Жаңылыктар
Бишкек Баткен шаарына он троллейбус берет
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек Баткен шаарына он троллейбус берет

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Баткен облусунун түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына арналган салтанатта билдирди. Облус тургундарын бул маараке менен куттуктаган ордо калаа башчысы Бишкектен Баткен облусуна белек катары 10 троллейбус алынып келе жатканын белгиледи.

Айбек Жунушалиев 2021-жылы Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп турганда Президенттин тапшырмасы менен Баткен облусунун өзгөчө статусу жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча топту жетектеген. Долбоор кийин Жогорку Кеңеште үч окууда жактырылып, мамлекет башчысы кол койгон.

Мындан тышкары, 2022-жылы Президенттин администрациясынын Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы болуп иштеген учурда Баткен облусундагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында Кыргызстандын жарандарынын жана юридикалык жактарынын менчигине келтирилген зыянды баалоо боюнча ведомстволор аралык жумуш тобун жетектеген. Бул эмгегин жана облусту өнүктүрүүгө кошкон салымын эске алуу менен Айбек Жунушалиевге "Баткен облусунун ардактуу атуулу" наамы ыйгарылды.

Эгер Баткенге троллейбустар келсе анда бул шаар өлкөдөгү троллейбус каттамы бар Бишкек, Ош, Нарындан кийинки төртүнчү шаар болуп калмакчы. Бирок азырынча троллейбус линиялары качан курулары тууралуу маалымат жок.