Жаңылыктар
Асман шаарын куруу – стратегиялык милдет. Президенттин жарлыгы
Кыргызстан жаңылыктары
Асман шаарын куруу – стратегиялык милдет. Президенттин жарлыгы

Президент Садыр Жапаров экологиялык таза Асман шаарын курууну ишке ашырууда экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында “Ысык-Көл облусунун аймагында “Асман экологиялык таза шаары” пилоттук долбоорун куруу концепциясынын негизги багыттары жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Жарлыктын башкы милдеттери “Ысык-Көл” биосфералык зонасынын экологиялык коопсуздугун камсыздоо, көлдүн жанаша аймагын натыйжалуу пайдалануу жана башкаруу, Ысык-Көл облусунун туристтик инфраструктурасын өнүктүрүүнү контролдоону камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

Жарлыкта Асман экологиялык таза шаарын куруу Министрлер кабинетинин, башка мамлекеттик органдардын, аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын жана Ысык-Көл облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын стратегиялык милдети деп эсептелери белгиленип, Министрлер кабинетине 2025-жылдын 1-мартына чейин шаарды куруу концепциясын иштеп чыгуу милдети коюлган.

Ошондой эле Асман экологиялык таза шаарын куруу концепциясы Министрлер кабинети тарабынан үч жылдык мөөнөткө өзүнчө бекитилген “жолкарталарынын” негизинде шаарды куруунун жетишилген жыйынтыктарына жараша этап-этабы менен ишке ашырылары белгиленген.