Жаңылыктар
Кыргызстанда жалпы жер каттоо жүрөт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда жалпы жер каттоо жүрөт

Өлкөдө жалпы айыл чарбасын каттоо жүрөт. 18-ноябрдан 7-декабрга чейин пилоттук аймак катары Чүй облусунун Ысык-Ата районунун эки айылы жана Ош облусунун Араван районунун 15 айылы электрондук каттоодон өтөт.

 Бул милдет Улуттук статистикалык комитетке жүктөлүп, тиешелүү министрликтердин курамынан турган атайын комиссия түзүлгөн. Каттоо электрондук негизде төрт форма менен аныкталат. Анда айдоо аянттары, күнөсканалар, мекеме-ишканалардын карамагына кирген жерлер, балык чарбалар, дыйканчылык багытындагы аймактар болуп, бардык жерге тиешелүү объекттердин баары электрондук каттоодон өтүү менен Улуттук статистикалык комитеттин бирдиктүү базасына киргизилет.

Улуттук статистика комитетинен билдиришкенге караганда, 2025-жылы айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы иштелип, айыл чарба каттоосунун эсепке алуу формаларынын долбоорлору Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Министрлер кабинетине караштуу Жер агенттиги менен макулдашылган.

Пилоттук аймактар толук каттоодон өткөндөн кийин 2025-жылдан тарта жалпы республика боюнча каттоо жүрөт.