Жаңылыктар
Ооган кыргыздарына жардам көрсөтүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Ооган кыргыздарына жардам көрсөтүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу жетектеген гуманитардык миссия Ооганстандын Бадахшан провинциясындагы этникалык кыргыздарга жана жергиликтүү тургундарга медициналык жана ветеринардык дары-дармектерди жеткирди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Миссия Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасын ишке ашыруунун менен Кичи жана Чоң Памирдеги этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү программасын аткаруунун алкагында жасалды.

Министрдин орун басары Бакыт Дарманкул уулу Бадахшан провинциясынын губернатору Мавлави Мохаммад Аюб Халид менен этникалык кыргыздардын жашоо шарттарын, ошондой эле Бадахшан провинциясынын бийликтеринин этникалык кыргыздардын социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык көйгөйлөрүн чечүү боюнча көрүлүп жаткан чараларын жана алдыдагы пландарын талкуулады.

Бул сапардын алкагында дарыгерлер тобу (кардиологдор, стоматологдор, акушер-гинеколог) 755 жаранга, анын ичинде 195 аялга жана 180 балага медициналык жардам көрсөтүштү. Ошондой эле адистер жергиликтүү калкка жугуштуу жана ар кандай ооруларды өз убагында аныктоо жана бодо жана майда малга ветеринардык дары-дармектерди туура колдонуу боюнча окутууларды өткөрүштү.

Ооганстандын Чоң жана Кичи Памир аймактарын байырлаган кыргыздардын жалпы саны 2 миңге чамалуу экени айтылып келет. Буга чейин алардын бир тобу Кыргызстанга көчүрүлүп келген.