Жаңылыктар
Бишкекте ишкерди уурдап, 25 миң доллар талап кылгандар кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте ишкерди уурдап, 25 миң доллар талап кылгандар кармалды

Бишкекте бир ишкерди шаардын чет жакасына алып барып, коркутуу менен автоунаа жана 25 миң доллар берүүнү талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлерине Бищкек шаарында  ишкерди уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү күч менен автомашинага салып, Бишкек шаарынын сыртындагы ээн талаага алып чыгып кетишкени белгилүү болгон. 

Факт боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү менен ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ишкерди уурдагандардын изине түшүп, Бишкек шаарынын борборундагы көчөлөрдүн биринин кесилишинде 1987-жылы туулган Т.Ж. жана 1990-жылы туулган С. Э. аттуу жарандарды кармашкан.

Кийинчерээк алар жабырлануучуну шаардын четине алып чыгып, сабап, 25 000 АКШ долларын жана автомашинасын берүүгө макулдук алып, ишкердин башка унаасын алып кетүүгө жөнөшкөнү аныкталды.

Кармалган Т.Ж. аттуу жаран Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. 1987-жылы туулган Т.Ж. жана 1990-жылы туулган С. Э. аттуу жарандар кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.