Жаңылыктар
Акылбек Жапаров жумуш сапар менен Исламабадга барды
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров жумуш сапар менен Исламабадга барды

Бүгүн, 2024-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапар менен Пакистандын Исламабад шаарына барды.

Министрлер Кабинетинин башчысы иш сапардын биринчи күнүндө Пакистан Эл Республикасынын Премьер-министри Шехбаз Шариф менен, ошондой Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цян менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Ал эми эртең, 16-октябрда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 23-жыйынына катышат.