Жаңылыктар
Зардалынын жолу кеңейтилип жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Зардалынын жолу кеңейтилип жатат

Баткендин Зардалы айылына бара турган жалгыз унаа жолдун тар жерлери тазаланып, кеңейтилип жатат. Бул тууралуу Президенттин маалымат  катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен келерки жылы жаз айында Баткен облусунун Зардалы айылына баруучу жолдун курулушу башталат.

Зардалы — Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын тоо арасындагы айылы. Алыскы айылга алып барчу жол жыл сайын май, июнь айында ачылып, кыш түшкөндө жүрүүгө мүмкүн болбой калат.

29-сентябрда мамлекет башчы Садыр Жапаров Зардалыга барып, айыл тургундарынан кабар алган.

Жолугушууда жергиликтүү тургундар орчундуу көйгөй катары унаа жолун жасап берүү өтүнүчүн айтышкан. Президент Садыр Жапаров Зардалыга бара турган жолдун салынышы 2025-жылы жазында башталарын билдирген.