Жаңылыктар
Нарында 130 миң тоннадай картошка жыйналды
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында 130 миң тоннадай картошка жыйналды

Нарын облусунда тоют топтоо жана оруп-жыйноо өнөктүгү жыйынтыкталды.

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Экономика жана регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Элмира Турганбаеванын айтымында, быйыл облус боюнча дан эгиндеринин жана чөп өсүмдүктөрүнүн түшүмү жакшы болуп, өнөктүк өз убагында жыйынтыкталды. Ошондой эле быйыл айыл өкмөттөргө 44 айыл чарба техникаларынын алынышы дагы оруп-жыйноо жана тоют топтоо жумуштарын кыйла жеңилдетти.

Белгилүү болгондой быйыл күндүн жаанчыл болушу, экинчиден ирригация тармагында бир топ иштер жасалып, сугат суу коромжуга учурабай айдоо аянттарга кенен жетиши облус боюнча  жалпы  500 миң 455 миң тонна тоюттун топтолушун шарттады.  Бул  көрсөткүч өткөн жылга караганда 166 миң 673,8 тоннга көп. Ал эми 25 миң 808 гектар жерге эгилген дан эгиндеринин 90,5 пайызы чабылып, 166 миң 694,2 тонна дүн түшүм алынды. Алсак,  106 миң 919 тонна  арпа, 58 миң 249 тонна буудай, 129 миң 276 тонна картошка, 22 миң  710 тонна жашылча жемиш жыйналып алынды.

Э.Турганбаеванын маалыматында, акыркы эки жылдан бери тоюттан өксүк болбоо үчүн чыктуу тоютка басым жасалууда. Бул тоютту жүгөрүдөн даярдоо натыйжалуу деп саналып, өткөн жылы 156 гектарга айдалса, быйыл 531 гектарга  эгилген. Учурда Ак-Талаа, Кочкор, Ат-Башы жана Нарын  райондорунда жүгөрүдөн чыктуу тоют камдалууда.

Келерки жылы жүгөрү аянтын миң гектарга чейин кеңейтүү, андан ары 5 миң гектарга чейин жеткирүү пландалууда. Себеби, жүгөрү өсүмдүгү облустун климаттык шартына туура келип, чыгашасы аз, түшүмү мол болгону менен артыкчылыктуу. Ошондой эле  бул тоют  менен кышкысын бардык малдын түрүн тоюттандырууга болот.